"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу, өзгөчө тартылган клиптердин бири - рэперлер Баястан, Бегиш жана Каспердин аткаруусундагы "Эне тил" ырына тартылган клип. Рэпер Баястан клип тууралуу буларга токтолду:
"Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники,
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики" деп ырда айтылгандай, эне тил - бул энелердин тили, ырда көп маани камтылган. Ал эми клиптин идеясы Бекзат Пирматовго таандык. "Эмне үчүн бул клипте энелер рэп айтышты?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Азыр бири-бирине окшош клиптер көп болгондуктан, клипке өзгөчөлүк берүү жана кызыктуу болуш үчүн актрисалар Замира Сатыбалдиева, Гүлмира Турсунбаева, Шайыр Касымалиеваны чакырганбыз. Алар алдын ала берилген текстти жаттап, аябай даярданып келишиптир. Болгону рэп айтууда кыймыл-аракетти бат-бат жасай албай бир аз кыйналышты. Анан биздин рэпердик кыймыл-аракеттерибизди көрүп бат эле үйрөнүп кетишти. Актрисалар бул клипте рэп ырдагандан кийин музыканын бул жанрына эл олуттуу карап баштады".
Баястан, Бегиш, Каспердин аткаруусундагы "Эне тил" ырына тартылган клипти бул жактан көрсөңүз болот.