Бир кезде "Атага кат" деген ыры менен эл оозуна алынган ырчы Артык Саитовдун бүгүн, 5-апрель - туулган күнү. 39 жашка толгон ырчынын өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык.
"Айылдан бир туугандарымды көрүп келе жатам. Шаарга күндүз жетип баралы деп жолго эрте чыкканбыз, жетип калдык. Үй-бүлөм, карындаштарым белектерин даярдап азыр үйдө мени күтүп жатышат. Андыктан өздүк майрамды жакындарымдын курчоосунда белгилейм",- деп билдирди ырчы.
5-апрелдин жылнаамасы.