Бишкекте "Аутизмге көңүл бур" деген аталышта кайрымдуулук концерти өтүп, аутист балдарга курулчу имаратка каражат чогултулууда (фоторепортаж)

Кечээ, 5-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Аутизмге көңүл бур" аттуу кайрымдуулук концерти болуп өттү. Концертке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев, ырчылар Юлия Руцкая, Гүлнара Тойгонбаева, Жийдеш Идрисова, Кайрат Примбердиев, Нурайым Азыкбаева, Аяна Касымова, Айымжан Айылчиева, "Адэм", "Шаттык" бий топтору катышышты.

Кайрымдуулук концертинин уюштуруучуларынын бири Назгүл Ирисова буларга токтолду;

"Концерт 2-апрель - Бүткүл дүйнөлүк аутизмдин көйгөйлөрү тууралуу маалымат таратуу күнүнө карата уюштурулуп жатат. Ошого карата апрель айында бир айлык жарыяланды. "Аутизмге көңүл бур" концерти аутизм менен ооруган балдар кадимки эле балдардай экенин, болгону алардын өздөрүнүн дүйнө таанымы, кабыл алуусу болорун, алардын арасында да таланттуу балдар кездешерин эске алып, мындай балдарга ар бир жаран түшүнүү менен мамиле жасаса деген максатта уюштурулду. Биздин уюмга 230га жакын аутист балдардын ата-энелери кайрылган. Кайрылбаган дагы канча бала бар... Концерттен түшкөн бардык каражат аутизм менен ооруган балдардын ата-энелер фондуна жана аутист балдар үчүн курула турган имаратка жумшалат. Азырынча имаратты куруу үчүн акча каражаты чогултулуп жатат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан