"Медиа-портал" бөлүмүндө көп каралган популярдуу клиптердин бири - Нурзат Садыкованын "Айланайын" ырына тартылган клип. Ыр сүйүүчүлөрүнүн купулуна толгон клип тууралуу ырчынын оюн уктук.
Ырчы клипте сюжет жок экенин айтат. Буга ырдын сөзү түшүнүктүү экени себеп болгон. "Изденип, 3 мүнөттүк ырга атайын сюжет тартсак болмок. Бирок учурда жаштардын сүйүү мамилеси тууралуу бири-бирине окшош клиптер көп болуп кетти. Ырдын сөзү түшүнүктүү болгондон кийин ызы-чуусу жок жөнөкөй эле клип тартууну чечтик. Клип 2 күндө тартылган",- дейт ырчы.
Нурзат Садыкованын "Айланайын" ырына тартылган клипти бул жерден көрүүгө болот.