МЕДИА-ПОРТАЛ: "Күлүп кой" деген ырымдын клибине тааныштарымдын, туугандарымдын балдары тартылган" дейт ырчы Тойгонбаева

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу, позитивдүү маанай тартуулаган клип - Гүлнара Тойгонбаеванын "Күлүп кой" ырына тартылган клиби. Ырдын, клиптин чыкканына бир топ жыл болсо да, популярдуулугун жогото элек.

Клип тартуудагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу ырчы буларга токтолду:

"Күлүп кой" ыры 1990-жылдары жазылган. Ал убакта клип тартуу кымбат болчу. Ага карабай болгон аракетимди жумшап, 1998-жылы эс алуу күндөрү "Замана" студиясында ушул клипти тарткам. Балдардын күлкүсү, мүнөзү таза болот эмеспи. Андыктан ырдын маанайын клип аркылуу бериш үчүн жаш балдарды тартса жакшы болот го деген ойдо ушул идеяга токтогонбуз. Ага жакын тааныштарымдын, туугандарымдын балдарын тандап алгам. Балдар ал учурда "Эмне болот, кандай кылыш керек?" деп деле сурашкан эмес. Клип тартып бүткөндөн кийин торт алып, баарыбыз андан ооз тийгенбиз. Ал күн кызыктуу, эң жакшы күн болгон. Ал эми ыр азыр деле актуалдуулугун жогото элек".

Гүлнара Тойгонбаеванын "Күлүп кой" ырына тартылган клипти бул жерден көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Palan4a
2016-04-06 13:22:01
Ушул ырыныз чыкканда чон атама жаккан. Женем кызду болгондо, "Гулнара кызымдын ырындай кулуп журо бер, атыны Гулмира койдук" деп койгон))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан