Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылындагы электр чубалгылары кооптуу абалда турат. 20 жылдан ашуун элге кызмат кылган бул зым карагайлар бүгүнкү күндө катуу шамалда ыргалып жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 3 жыл мурун башка зым карагайлар коюлганы менен, зымдары тартылган эмес. Зымдарын сатып алуу, тартуу милдети элдин өзүнө жүктөлгөн. "Зымдарды алууга көп каражат кетпесе да, элдин саны аз болгондуктан, чамалары жетпейт. Айрым жердеги зымдар жерден бир жарым метр бийиктикте. Бул чоңдор үчүн да, жаш балдар үчүн да өтө кооптуу",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.