КИНОЗАЛ: "Адамдарга шашпоо керектигин, ансыз да өмүр кыска экенин "Балакай" тасмасы аркылуу айткым келди" дейт режиссёр Мирлан Абдулаев

"Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрдагы тасмалардын бири - "Балакай" тасмасы. Тасма 2014-жылы тартылган, режиссёру - Мирлан Абдулаев. Анда Адилхан Нурлан уулу, Илим Калмуратов, Болот Тентимишов, Асел Чоткараева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Режиссёр Мирлан Абдулаев тасма тууралуу бизге берген маегинде: "Ар бир нерсенин өз убактысы болот. Мезгил деген бат өтөт. Адамдарга шашпоо керектигин, ансыз да өмүр кыска экенин тасма аркылуу айткым келди. Бир келген жашоодо татыктуу жашап өтүү керектигин, балалык деген таттуу, керемет, кайталангыс нерсе экенин ачып берейин дедим. Балдар кичине кезинде "тез чоңойсок" дешет. Бирок чоңойгондон кийин балалыгын сагынышат. Балдарга чоңойгонго шашылбай, балалыктын балдай таттуу күндөрүн татсын деген ойду бердим десем туура болот",- деп билдирген.

Тасма эрте чоңоюп, өзүнчө жыргап жашагысы келген Нурсултан аттуу кичинекей бала тууралуу тартылган. Бардык кызыктар кыялкеч, тестиер баланын чоң кишиге айланып калуусунан башталат. Анда башкы каарман жаңы келбети менен убактысын көңүлдүү өткөрүп жүрүп, кийин чоң адамдарга тийиштүү кыйынчылыктарга туш болот.

"Балакай" тасмасын бул жерден көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn2015
2016-04-07 14:38:59
Урматтуу админ, видеолорду коро албай жатам. Эмне кылсам болот. Айтып койгулачы, сураныч.
0
admin_portal
2016-04-07 14:46:14
altyn2015, саламатсызбы! Телефон менен киресизби? Кайсы браузер менен киресиз? Жоопту купуядан күтөм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан