ЭЛДИК КАБАР: Аксы районундагы 133 түтүн жашаган Терс айылында уюлдук байланыш жок, ушул күнгө чейин антенна коюла элек

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Терс айылында телефон антенналары тартпайт. 133 түтүн жашаган айылда ушул күнгө чейин уюлдук байланыш жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.

"2009-жылы акимчиликке маселебизди айтып кайрылганбыз, бирок бул жыйынтык берген жок. Өлкөдөгү мобилдик операторлорго кайрылганга мажбур болуудабыз. Бул айыл Өзбекстандын чек арасынан 500 метр аралыкта жайгашкан",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BARCHA
2016-04-07 18:32:50
Каякта журот жанага 120 депутат биз буларга ишенип ушундай маселелерди чечсин деп шайлап койсок.Эми болсо бироосунда корбойсун ...... ылайдан откон сон унутуп коет деген ушу турбайбы .
0
mr.sher
2016-04-07 18:49:33
Чын эле Чоң Наманган Каналынан өткөндө эле антенна тартпай калат. Чек арага жакын жайгашкан айыл. Чек арада жайгашкан айылдарга көңүл буруп караш керек.
0
kakebrat
2016-04-07 23:21:48
Капа болбогула эми тоолорубузду сатып жиберди антена койгону тоо жок
0
bekbekei
2016-10-29 16:25:06
Ошол айылда досторум бар телефондо суйлошуу учун коншу айылга келишет аргасыздан ал эми сыртта жургон жаштары болсо чек ара окуялары болгондо кабатыр алышып бизге чалышат барып билчи биздикилер тынч бекен дешет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан