Буга чейин элчиликте сакталып турган "Ника" сыйлыгы "Сүтак" тасмасынын жаратуучуларына тапшырылды

1-апрелде кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгын алган. Кыргыз киносу "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясы боюнча жеңишти багынткан эле. Анда тасманын жаратуучулары сыйлоо аземинде болбогондуктан, сыйлык КРнын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрүнө тапшырылган.

Бүгүн, 7-апрелде элчилик сыйлыкты тасманын жаратуучуларынын колуна тапшырды. Тактап айтканда, режиссёр, актёр, тасмага директорлук кылган Тынчтык Абылкасымов Москва шаарында болуп, сыйлыкты жана дипломду алып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mushker2013
2016-04-08 09:51:45
Азаматсын,мындан да жакшы кинолорду жарата бергиле!
0
Minka
2016-04-08 13:43:10
bul bala boz salkyn kinodogu balabyy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан