"Медиа-порталдагы" комедиялык жанрдагы тасмалардын бири - "Уктаткыч". 2014-жылы тартылган бул тасманын режиссёру - Алтынбек Кудайберди уулу. Анда Асел Абдыбекова, Айбек Эшанов, Мадияр Бериков, Бакыт Осмонканов сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Тасмада роль жараткан "тамашоучу" Бакыт Осмонканов: "Тасмага тартылып кетүү үчүн чакырышкан. Барып жардам катары, акы албай тартылып келдим. Даярдыктар көпкө созулбай бат-бат тартылып кетип калчубуз. Кылмыш чөйрөсүндөгү адамдын образын жаратуу мага жарашпай койду, бул образ меники эмес экен",- дейт.
Тасмада башкы каармандардын бири Мирбек жумушу, сүйлөшкөн кызы бар, тынч жашоодо жашап жүрөт. Күндөрдүн биринде ага түрмөдөн жаңы чыккан Айбек аттуу жигит жолугуп, таанышып калышат. Айбектин жашаган жери жок болгондугуна байланыштуу Мирбек аны үйүнө алып кетет. Мына ошол күндөн тарта Мирбектин жашоосунда баш аламан күндөр башталат...
"Уктаткыч" тасмасын бул жерден көрсөңүз болот.