Учурунда хит болгон ырлар убакыттын өтүшү менен эл эсинен чыгышы мүмкүн. Бирок кайра укканда өткөн учурдагы жагымдуу эскерүүлөрдү эске түшүрөт. "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ретро клиптердин бири - Айчүрөк Иманалиеванын "Айыл кечтери" ырынын клиби. Клип 1995-жылы тартылган, режиссёру -Александр Губин.
Клипти тартуу таржымалы тууралуу ырчы: "Башкы ролдорду уулум Арген менен Анжелика аткарган. Байтик айылынан тартылган. Айылдын тургундары бизди көрүп аябай сүйүнүшүп, майын-чайын алып келип, ал-абалыбызды сурап көңүлүбүздү жылытышкан эле. Ошол учурдун адамдары башкачабы же кандай экенин билбейм, клипти бир сутканын ичинде, ойноп-күлүп, өзүбүздү эс алууда жүргөндөй сезип тартып койгонбуз. Актёрлордун баары менин досторум болгондуктан, акы сурашкан эмес",- дейт.
Айчүрөк Иманалиеванын "Айыл кечтери" ырына тартылган клипти бул жерден көрсөңүз болот.