КИНОЗАЛ: "Орхидея" тасмасын тартуу иштери аяктап калганда башкы ролду ойногон кыз "мени ала качып кетишти" деп коркуткан" дешет тасманын жаратуучулары

"Кинозал" бөлүмүндөгү мелодрамалык жанрдагы тасмалардын бири - "Орхидея". Тасманын режиссёру -Бакыт Мурат. Анда Нишанбай Топчубаев, Айнура Бекбоева, Нурбакыт Абылкасымов, Равшан уулу Амантур сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.

Тасманын жаратуучулары тасманы тартуу учурунда көп кызыктар болгонун айтышат. "Бизди эӊ эле коркутканы тасманын 70-80 пайызын тартып койгондо башкы каарман кызды ала качып кетишкени болду. Бир күнү эле Айнура съём­кага келбей калбас­пы. Ага телефон чалсак жок, "мени ала качып кетиш­ти, Нарындамын" дейт. Эми элес­тетсеӊиз, дээрлик көпчүлүк бө­лүгү тартылып бүткөндө башкы каармандын жок болуп жатканын. Бирок, чынында, актриса кызыбыз Нарынга конокко барса, аны менен чогуу жүргөн курбусун ала качышкан экен. Курбусун жалгыз алып кетпей Айнураны да кошуп алышыптыр. Аны Нарындан алып келип кайра съёмкабызды улантканбыз",- деп тасманын жаратуучулары маек беришкен эле.

Тасманын мазмунуна токтолсок, анда жигит ата-энеси менен тааныштырганы үйүнө сүйгөн кызын алып келет. Инсультка кабылган атасы ал кызды көрүп, экөөнүн ортосундагы болгон окуя эсине түшөт. Бир убакта бул кыз ал үчүн анын орхидеясы, гүлдөрдүн ханышасы эле.

"Орхидея" тасмасын бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Djansu
2016-04-09 11:17:23
"Мени ала качып кетишти" деп коркутукан" эмне туура эмес жазылган
+7
azamat.95
2016-04-09 12:21:03
Djansu, ''Мени ала качып кетишти,-деп,-коркуткан.''
0
aijan280389
2016-04-09 11:21:41
Дос кызымды ала качты деп эле айтпайбы. Мени качырып кетти дебей. Качан бизде бир жаштарга тарбия бере ала турган маанилу кино тартышат экен. Кинон ошончолук меенет менен тарткандан кийин тузугуроок кылып тартышса да..
+6
nurbergen
2016-04-09 12:11:15
Башкы рольдогу кыз Бегимай Бекбоеванын бир тууган синдиси болсо керек
0
raiana53
2016-04-09 12:21:22
окшошкен аябай
0
Asyl19.09.90
2016-04-10 21:27:46
Таптакыр жакпады ушул кино эмнеге убактымы кетирип кордум десенер.бир нерсеге тушунсом олоюн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан