МЕДИА-ПОРТАЛ: "Мен сүйгөн менен пайда жок" ыры хит болгондон кийин ырдап, ага клип тартып, көп сынга кабылдык" дейт ырдын автору Руслан Нарынбаев

"Мен сүйгөн менен пайда жок" ыры Нурмат Садыровдун аткаруусунда элге кеңири тарап, хит болгон. Ырдын автору Руслан Нарынбаев да бул ырды жаздырып, клип тартып чыкты. "Медиа-портал" бөлүмүндө эки ырчынын күйөрмандары бул клипке түрдүү сын-пикирлерди айтышууда. Руслан Нарынбаев клип тууралуу мындай дейт:

"Автор катары ырдап койбойсуңбу деген сунуштар болгондуктан, "Мен сүйгөн менен пайда жок" ырын жаздырып, клип тарттык. Клип тартуу учурунда болгон катуу шамал ишибизге тоскоолдук жаратып жатты. Арт жактан түтүн чыгып туруш керек эле, шамал да аны башка жакка буруп, кыскасы, бир топ ыңгайсыздыктар жаралды. Ырдын маанисине ылайык клип тартсак болмок, бирок клипмейкерлер башка идеяны туура көрүштү. Албетте, клипке карата жакшы-жаман пикирлер айтылды. Ар кимдин ою ар кандай. Мен болгону ырдын автору катары ырдап койдум. Клипте башкы каармандын образын жараткан кыз демөөрчү болуп, ага жакын досторум тартылышты".

Руслан Нарынбаевдин "Мен сүйгөн менен пайда жок" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nazi_92
2016-04-10 17:03:44
молодец соонун ыр болуптур.:-)
+1
Gulya21
2016-04-10 17:04:59
Нурматтын ырдаганы жагат мага
+1
altyn2015
2016-04-10 20:22:02
Ыр жакты, клип орто.
0
advokat.nur
2016-04-10 22:13:14
Мага жакпады,Нурмат эле жакшы ырдайт болчу.
+2
mister_bond
2016-04-11 09:08:27
Жакшы алдыга жыла бергиле эмнеге болбосун..!
0
Medina87
2016-04-11 10:02:18
Негизинде автордун аткаруусундагы клип деле жакшы чыккан. Бирок, ар кимдин тандоосу ар башка. Мен да Нурматтын аткаруусунда бул ырга конгон экем.
0
aiba_00
2016-04-12 09:26:27
Мамалака окшогон бала экен Руслан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан