КИНОЗАЛ: "Чогулган элди "Иттей сулуу" тасмасына тартып алалы, качып кетишпесин деп ресторандын эшигин жаап салганбыз" дешет тасманын жаратуучулары

Сөз "Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрдагы тасмалардын бири "Иттей сулуу" тууралуу болмокчу. Тасманын режиссёрлору - Камчыбек Жумабеков, Тилек Чериков. Анда Мээрим Атантаева, Камчыбек Жумабеков сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Тасманын жаратуучулары: "Тасма тартып жүрүп биздин элдин жөнөкөй, адам­гер­чиликтүү экенине дагы бир жолу ынанып, кубандык. Киного бир эпизодго ымыркай керек болуп, көпкө издедик. Акыры бейтааныш эле биз ижарага алган үйдүн ээси өзүнүн 5 айлык баласын берди. Ошондо алардын жакшылыгына абдан ыраазы болдук.

"Курут фест" деген эпизодду тартуу учурунда бир аз кыйынчылык жаралды, анткени ал эпизодго массовка чакырылган болчу. Көп киши менен иштешүү кыйыныраак эмеспи. 5-6 саатка 100 чакты адамды кармап туруш да оңой эмес. Аягында ресторанда отургандар качып кетпесин деп эшикти ачкыч менен бекиткен учурлар болду",- деп маек беришкен эле.

Тасма идеалдуу жигит издеген Саната аттуу кыз тууралуу. Ал көптөгөн мырзаларды чанып жүрүп, Руслан аттуу жигитти жактырып, аз убакыт эле сүйлөшүп турмушка чыгат. "Сырты жалтырак, ичи калтырак" дегендей, мына ошондо анын кемчиликтери четинен чыга баштайт.

"Иттей сулуу" тасмасын бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
odin-takoy
2016-04-10 16:35:08
Кимге эмне кереги бар муну айтып
+5
Aidowi
2016-04-10 16:44:11
Азаматсынар!Ийгилик
0
Gulya21
2016-04-10 16:44:50
Жакпайт мага ушул кино маанисиз темасын кара иттей сулуу азыркы кинолор саны бар сапаты жок эл кулсун деп эле маанисине карабай ойуно келгенин кино кылып чыгарып жатышат
+9
Dima85z
2016-04-10 16:55:18
Андан кору админ алабука району жакта жер титиреди очогу кайсы жакта экенин билсек болот эле
+1
EdikoKG
2016-04-10 17:17:24
Тандаган тазга жолугат деген ушу да. )) Тасма анча эмес бирок.
+4
Dinakg
2016-04-10 19:55:03
Тасма мага анча жакпады.
0
altyn2015
2016-04-10 20:26:06
Тасма кызыктуу эмес. Жакшы аракеттенишсе болмок.
+2
Uson13
2016-04-10 23:44:17
Сапатсыз кино мага жакпады
+1
Serenada
2016-04-11 00:09:05
Жащ балдарда мындай ойлонбосо керек
+1
Svoboda83
2016-04-11 01:13:14
Башка ат койсо болбойт бекен "иттей сулуу"жакында "эшектей сулуу" деп чыгарышат кино эмес кинонун атынан эле билинип турат кандай кино экени эптеп септеп эле тарта бербей тузугурок кино тартышса элдерге жагымдуу болуп жакшы кино деп коргон сайын коргум келет дейт болчубуз Киного таланттуу актерлорду тартыш керек акчасы копторду эмес!артистерди эмес!Режиссёр актёрга акча берет киного тартылганына актёрлордун озунун сатавкасы болот актёр тасманы окуп чыгып анан макул болот актёрлорго кастинг болот Бизде тескери набарот режисёрго ким акча берсе ошол киного тартылат да анан кинонун кызыгы жок болот Актёрлор эмоцияга берилип тартылат актёрлордун аткарганын коруп эле кино кызыктуу болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан