Эркиндик бульварында музыка сүйүүчүлөр айлананы жагымдуу музыкага бөлөштү

Кечээ, 9-апрелде Эркиндик бульварында "Музыкалуу Эркиндик" аталышындагы флешмоб уюштурулду. Анда бульвар бойлой музыка сүйүүчүлөр шаар тургундарына, келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулап жатышты. Флешмобдун максаты жарандарга көңүлдүү маанай тартуулоо, шаарга болгон сүйүүнү ойготуу жана жаздын жагымдуу күнүндө музыка дүйнөсүнө чакыруу болгон.

Аба ырайынан улам флешмобго катышам дегендердин көпчүлүгү чыккан эмес. Ага карабай "Музыкалуу Эркиндик" флешмобу бульварды түрдүү музыканын ыргагына бөлөй алды. Бир жерде комузда кол ойнотушса, бир жерде гитара чертип, андан алысыраакта сезимди козгогон, сексуалдуу бачата бийине жаштар бийлеп жатышты. Ошондой эле мектепке чейинки курактагылар үчүн шахмат ойноону үйрөтүү, шахматка болгон кызыгууну ойготуу боюнча да мастер-класстар уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан