МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кыздын сыры" ырын жаңылап ырдап чыккан Айдана Дека: "Алина Жетигенова экөөбүздүн ырдаганыбыз бири-бирине окшошпойт"

Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаңыдан чыгып келе жаткан таланттуу, сулуу ырчылардын бири - Айдана Дека. Анын "Кыздын сыры" ырына тартылган клиби "Медиа-портал" бөлүмүндөгү көрүүчүлөр арасында катуу талкууга алынган. Ал эми ушул эле ыр Алина Жетигенованын аткаруусунда бир кезде хит болгон. "Канча адам болсо, ошончо ой-пикир бар" дегендей, клипке карата жакшы да, жаман да ойлор айтылган.

Жаш ырчы Айдана Дека клип тууралуу мындай дейт: "Бул менин чыгармачылыгымдагы экинчи клип. Клиптин идеясын, тартуучу жайды, андагы актёрлорду - баарын өзүм тандадым. Режиссёру - Эрнист Сыдыков. Клип эмеректер сатылчу дүкөндө тартылган. Тартуу учурунда эл ары-бери өтүп, тоскоолдук жаратып жатты. Өзүмдү ыңгайсыз сезип, 1-2 мүнөттүк кадрды алуу үчүн эле көп убакыт короттук. Ооба, ырга, клипке карата түрдүү сын-пикирлер айтылды. "Кыздын сыры" ырын алгач ырдап чыккан Алина Жетигенова өзүнүн стилинде ырдаган. Бул ырды Алина эже угуп көрүп, "башкача ырдаптыр" деп жактырыптыр. Экөөбүздүн ырдаганыбыз такыр башка, бири-бирине окшошпойт. Обонун башкачараак ырдаганымды кээ бирөөлөр "туура эмес ырдаган" деп жатышты. Бирок андай эмес, мен болгону өз стилимде ырдаганым үчүн ошондой сезилгендир".

Айдана Деканын "Кыздын сыры" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Izdeim_seni.
2016-04-11 18:19:59
Башка ыр калбай калды беле
+10
bosmos777
2016-04-11 18:36:36
Укмуш ырдайт!
-10
Musabaeva.
2016-04-11 18:37:26
Тамагы ооруган адамга окшоп ырдаптыр, "башкача ырдаптыр"демек жакпады дегени окшойт.
+8
Matilda
2016-04-11 19:23:18
Ырдабай эле койчу суранам такыр.Унун жок экен секет.
+6
arena2014
2016-04-11 23:05:54
Ырчылыктан башка кесип танда карындаш. Озунду да уккан адамды да кыйнабай.
+9
Kroxa
2016-04-12 01:47:30
Алинага жетиш кайдан ал 90-жылдагы звезда,,,а бул кыздын Жон Гана туураганы жаккан жок...
+3
Moe_EGO
2016-04-12 09:49:07
Жашынакай эле ырдаптыр. Мага жакты. Айдана азамат кыз экен!
-1
Belle
2016-04-12 10:44:49
ар кимдин озунун стили бар да ырдаган. Айдананыкы жакыт мага. Алга демекчимин.
0
Asema89
2016-04-15 17:58:20
Уну жок. Ырды бузуп салган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан