Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы Ингушетия Республикасында өткөн “Алтын Мунара” Эл аралык кинофестивалында “Мурунку СССР аймагында жашаган элдердин шериктештиги темасын ачып бергени үчүн” дипломго жана баалуу белектерге татыды. 11-апрелде аталган тасманын жаратуучулары билдиришкендей, кинофорумдун алкагында 30га чукул картина көрсөтүлгөн. Иш-чара жыл сайын Ингушетия Республикасынын Маданият жана архив иштери боюнча министрлигинин жана Орусиянын Кинематографисттер союзунун колдоосунда өткөрүлөт.
Ал эми учурда тасма Түркиядагы МКФ Эл аралык уюмунун “Алтын жоогазын” аталыштагы сынагынын алкагында сынакка ат салышууда. Кинофестиваль дүйнөдөгү кинофорумдардын ичинен көрүнүктүүсү жана 35-жолу өткөрүлүп жатат. Бир күн мурун тасманын биринчи көргөзмөсү өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Ал эми кинофестивалдын жыйынтыгы 17-апрелде чыгарылат.