ЭЛДИК КАБАР: Эне-Сай конушунда айдоочу унаасы менен мектептин тосмосун бузуп кирип, окуучуну сүздү. Оор жаракаттардан улам окуучу каза тапты
Борбордогу Эне-Сай жаңы конушунда катуу ылдамдыкта келаткан айдоочу унаасы менен мектептин тосмосун бузуп өтүп, окуучуну сүзүп кетти. Оор жаракаттардан улам бала каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"Унаанын ичинде айдоочу жана жүргүнчү болгон. Экөө тең жаш жигиттер экен. Негизи, мектептин жанында айдоочулар унааны катуу айдашчу эмес. Бүгүн катталган каргашалуу окуяда айдоочу тосмону бузуп кирип, мектептин короосундагы окуучуну сүзүп кеткен. Катуу соккудан улам бала мерт болду. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жүрүшөт",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.