"Кинозал" бөлүмүндөгү драмалык жанрдагы тасмалардын бири - "Тагдырдын өгөй балдары". Тасма 2011-жылы тартылган, режиссёру - Жамал Сейдакматова. Анда Жамал Сейдакматова, Кубан Камалов, Айдина Камчыбекова, Асел Нурлан кызы, Нуриза Бурханова сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Башкы каармандардын образын жараткан актрисалардын бири Нуриза Бурханова мындай дейт:
"Мен анда 15 жашта болчумун. Тасмада "Туңгуч" театрынын жаш актёр-актрисалары роль жаратышкан. Театрда окугандардын көбү атасы же энеси жок, толук эмес үй-бүлөдөн болгондуктан, тасмада ар бирибиздин жашообуздун кээ бир үзүмдөрү камтылган. Мисалы, эки кыздын урушканы да турмуштан алынган. Ошондуктан да тасма "Тагдырдын өгөй балдары" деп аталат. Көп адам менен иштешүү кыйын болуп, жетекчибиз Жамал Сейдакматова эже кээде катуу урушуп, кээде эркелетип жатты. Тамакты аябай берилүү менен ичип жаткан кадр бар. Ошол учурда чындап эле аябай курсагыбыз ачкан болчу, тамакты көпкө күтүп калган элек".
Тасмада атасы каза болуп, апасы турмушка чыгып, 92 жаштагы чоң энесинин колунда калган кыз мектепти аяктаган соң шаарга келет. Театралдык институтка тапшырып, бир күнү группалаштары менен талаага кино тартканы барышат. Жаштардын тамашасы менен күлкү-каткырыгын кызга айтылган “чоң энең каза болду” деген суук кабар токтотот... Жаштарды алдыда дагы кандай окуялар күтүп турат? Суроого тасмадан жооп табууга болот.
"Тагдырдын өгөй балдары" тасмасын бул жерден көрүңүз.