ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: Мындан 83 жыл мурун Испаниянын опера ырчысы Монсеррат Кабалье туулган

1933-жылы 12-апрелде Испаниянын атагы дүйнөгө тараган опера ырчысы Монсеррат Кабалье Барселонада туулган. Ал Барселонадагы Лисео театрынын алдындагы консерваторияда окуп, 1954-жылы бүтүргөн. Ал эми 1956-жылы Базель операсына тапшырган. 1956-1965-жылдары Монсеррат Кабалье Европанын Бремен, Милан, Вена, Барселона, Лиссабон шаарларындагы опера театрларында ырдаган. Ырчыга эл аралык атак 1965-жылы Гаэтано Доницеттинин "Лукреция Борджианын партиясын" аткарганда келген. Бул аткаруусунан соң залдагы эл 20 мүнөттөй кол чаап турган. Ошентип, Монсеррат Кабалье дүйнөгө белгилүү, күчтүү опера ырчыларынын сап башынан орун алган.

12-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан