Ошто Германия, Швейцариядан келген топтордун катышуусунда жаз жана классика жанрындагы концерт болуп өттү (фото)

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында кечээ, 11-апрелде Германия, Швейцариядан келген "Eos Guitar Quartet" жана "Julia Hulsmann Trio" музыкалык топторунун катышуусунда жаз жана классика жанрындагы концерт уюштурулду. Концерттин ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Мирлан Исраилов, Германия жана Швейцария элчилигинин кыргыз жериндеги өкүлдөрү, классика музыкасын сүйүүчүлөр, шаар тургундары катышышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Мирлан Исраилов мындай концерттерди өткөрүү шаардын маданий жашоосу үчүн маанилүү экенин айтты. "Жаз жана классика музыкасынын чыгармачыл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз",- дейт Исраилов.

Концерттик программанын алкагында чыгармачыл топтор өздөрүнүн жана дүйнөгө белгилүү европалык классика жана жаз музыкаларын аткарышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан