МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кечинде келемин сага" ырынын клибине "Жебе" тобунун жигиттери менен чогуу тартылган эмесмин" дейт Кенже Дүйшеева

"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлгөн жана көп талкууга алынган клип - Кенже Дүйшеева менен "Жебе" тобунун аткаруусундагы "Кечинде келемин сага" ырынын клиби. Кенже Дүйшеева клип космостук ылдамдыкта ийгилик жараткан, топту элге тааныткан чыгарма болгонун айтат.

"Бул чыгарма "Жебе" тобундагы балдарды элге таанытуу максатында тартылган. Тартуу иштери башталганда менин жаңы эле төрөгөн кезим болчу. Андыктан "Жебе" тобунун жигиттери менен чогуу тартылган эмесмин. Мен бар кадрлар өзүнчө тартылган. Клип Алматы шаарында 12-апрель - Космонавтика күнүндө тартылып, космостук ылдамдыкта элге тарады. Күндүн аябай суугуна карабай жаңы үйлөнүп жаткан түгөйлөр, ары-бери өткөндөр деле келип, кечке сүрөткө түшүшүп, тартуучу топтун бир топ убактыларын алышкан экен. Мага келип айтышканда "бат таанылат экенсиңер" деп жакшылыкка жоруп койгон элем",- деди ырчы айым.

Кенже Дүйшеева менен "Жебе" тобунун аткаруусундагы "Кечинде келемин сага" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nerrazuri
2016-04-15 15:29:00
ха ха хааа жалган айтыптырго Кадр артында Кенже Дуйшеева & Жебе тобу дегенде турат. На на наа ушу сага кыйынбы деп :)
0
sabyr86
2016-04-16 13:19:35
nerrazuri,бирок ал жерде өзү тартылган эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан