"Кинозал" бөлүмүндөгү драма, мистика жанрындагы тасма - "Соолуган гүлдөр". Тасманын режиссёру -Тынчтык Бугучиев. Анда Айнура Акылбекова, Канатбек Абдырахманов, Ален Турдубаев, Айдар Жээнкулов, Медер Жанбейишов, Ажара Рахманова сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Режиссёр Тынчтык Бугучиев тасманын 2-бөлүгү боюнча:
"Соолуган гүлдөр" тасмасынын 2-бөлүгүн жөн гана тартып койбостон, азыркы учурда актуалдуу болгон маселени көтөрдүк. Өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулукту токтотуу, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырдык. Коомубуздагы чектен чыккан адамдардын образын тасма аркылуу көрсөтүп, "Коомго андай адамдар керекпи?" деген суроону көрүүчүлөргө узаттык. Кызыгы, кинону көрүп жатканда аялзаты эле эмес, эркектер да ыйлашат. "Мен такыр ыйлабайм" деген досум келип, көзүнө жаш алганын көрдүм. Демек, тасма таасирдүү болгон",- деп бизге берген маектеринде
билдирген эле.
"Соолуган гүлдөр" тасмасын бул жерден көрүңүз.