2016-жыл - Тарых жана маданият жылына карата кыргыз жеринде алгачкы ирет өтүп жаткан театрлар таймашы эми Ош шаарында уланат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 13-14-15-апрель күндөрү Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек театрында өтүүчү таймашка 6 театр катышат. 13-апрель күнү Т.Ажыбаев атындагы Алай музыкалык драма театры менен Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек театры беттешет. 14-апрелде Талас облустук музыкалык драма театры менен С.Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театры, 15-апрелде Баткен облустук музыкалык драма театры менен Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театры ат салышат.