"Медиа-портал" бөлүмүндөгү энелерге арналган клиптердин бири - Самара Каримованын "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" ырынын клиби. Ырчы бул клипке тартылган аял апасы эместигин айтты.
"Клипте ойногондордун баары актёр-актрисалар. Эң акырында ойногон апаны көпчүлүк менин апам деп ойлоп алышыптыр, бирок андай эмес. Буюрса, энелер жөнүндө ыр жазсам, апамды да клипке тартам. Кызыгы, клип тартуу учурунда чачымды тармалдатуу үчүн 5 саатка жакын сулуулук салонунда отургам. Тартуучу топ мени көпкө күтүп калган",- дейт Каримова.
Самара Каримованын "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.