Алып баруучу жана ырчы Чыңгыз Мырзаев кырк жылкылуу болду

Алып баруучу жана ырчы Чыңгыз Мырзаевдин экинчи кызы төрөлдү. Бул кубанычтуу жаңылыгын бактылуу ата бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

"Жубайым Надирабегим борбор калаадагы жеке клиникалардын биринде кечээ, 13-апрелде көз жарды. Кызыбыз 4 килограмм салмакта төрөлдү, бою - 54 сантиметр. Учурда жубайымдын да, кызымдын да абалы жакшы, бир-эки күндө үйгө чыгарып кетебиз. Кубанычым койнума батпай турган кез. Кызымдын атын коё элекпиз, аны чоң ата-чоң эне, таята-таенеси кеңешип өздөрү коймой болушту", - дейт Мырзаев.

Айта кетсек, ырчы 2012-жылы 25-мартта "Супер сулуу-2011" сынагынын катышуучусу Надирабегим Нурдинова аттуу сулууга баш кошкон. Алардын ортосунда 3 жаштагы кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kanykey125
2016-04-14 13:18:40
ИИ куттуктайм.менин туулган кунумдо торолуптур
+2
ema70
2016-04-14 13:34:53
Куттуктайм!Бешик боосу бек болсун.
+1
zoichka
2016-04-14 13:45:18
Куттуктайм.
+1
cholponka91
2016-04-14 13:45:47
Бешик боонуздар бек болсун!Эл керегине жараган кыргыздын чыгаан атактуу, билимдуу элдин батасын алган кыздардан болсун.
+2
Munar8625
2016-04-14 14:17:12
Куттуктай Чынгыз, Омуру Акыл еси менен берген болсун.
+1
sara90
2016-04-14 14:57:07
Kyttyktain...bewik boonor bek bolsun omuru uzun densoolugu chyn artynan dagy ozynorgo okwogon uimandyy uuldar jarala bersin...
+2
sanchos1
2016-04-14 16:24:00
Куттуктайбыз чын журоктон. Кырк жылкылуу дегенге тушунбодум. Же эки кыздуу болгондорду ошентеби
-1
Zarema94
2016-04-14 16:49:19
sanchos1, кыргызда кыз т0р0лг0ндо кырк жылкылуу б0лдун деп суйунчул0йт...
+1
sanchos1
2016-04-14 17:30:43
Zarema94, болду. Тушундум. Ракмат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан