Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан жаш депутаты Санжар Кадыралиевди 2009-жылы 14-апрелде кечки саат бештерде Бишкектеги үйүнүн жанынан атып кетишкен. Кылмышкер депутатты бир ок менен башка атып, максатына жеткен.
Шектүү деп саналган А.Итибаев 20-апрелде кармалып, күнөөсүн моюнуна алып, өмүр бою эркинен ажыратылган. 2015-жылы 22-октябрда ал жана дагы 3 кылмышкер түрмөдөн качып, Итибаев Бишкектеги Достук кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 3-4 сааттык атышуудан кийин жок кылынган.
14-апрелдин жылнаамасы.