Бүгүн, 14-апрелде кыргыз эстрадасынын жылдызы, ырчы Ильяз Абдыразаковдун үй-бүлөсү дагы бир перзент менен толукталды. Ырчы уулдуу болуп, бул кубанычтуу кабары менен SUPER.KG порталына бөлүштү.
"Медина бүгүн саат 11ден өткөндө көз жарды, дарыгерлердин айтымында, төрөт жеңил өттү. Учурда жубайымдын жана уулумдун абалы жакшы. Бою канча экени эсимде жок, салмагы 3 килограмм 260 грамм экен. Уулума ысым ыйгара элекпиз, эки-үч вариант болуп жатат, аны баарыбыз кеңешип чечебиз. Кубанычымда чек жок, азыр үйгө келдим",- дейт сүйүнгөн ырчы.
Айта кетсек, ырчы сүйүктүүсү менен 2010-жылы баш кошкон, Розан аттуу уулу бар.