МЕДИА-ПОРТАЛ: "Ак чөлмөк" клибин тартып жаткан маалда жолдошум экөөбүз сөөк үчүн урушуп кеткенбиз" дейт Асел Турдалиева

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу клиптердин бири – Асел Турдалиеванын "Ак чөлмөк" ырынын клиби.

Ырчы айым мындан 19 жыл мурун тартылган клибинин таржымалын мындайча айтты: "Клип 1997-жылы Александр Губиндин жетекчилигинде тартылган. Ал кезде клип тартканга кийимдерди табуу абдан кыйын болчу. Кадрдагы кичинекей кыздын кийимин бир түн ичинде Мирлан Жетигенов тигип, анын үкү топусуна көгүчкөндүн канатын колдонгонбуз. Ал кыз менин жээним, азыр бойго жеткен суйкайган кыз болду.

Негизи, клиптин кадрында ак чөлмөктү мен таап, мурдагы жолдошум экөөбүз аны көтөрүшүбүз керек эле. Бирок жолдошум "ак чөлмөктү эркек киши табыш керек" деп колумдан жулуп, көтөрүп жиберген. Күйгүзгөн отубуз өчүп баратканына байланыштуу клип ошол кадр менен эле калып калган. Ал сөөк үчүн да жолдошум экөөбүз урушуп кеткенбиз".

Ырчы "Ак чөлмөк" клибинин жаңы версиясын эми 20 жыл өткөндөн кийин жаңылап чыгарганы жатканын билдирди.

"Ак чөлмөк" ырынын клибин бул жактан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sydy2004
2016-04-14 19:50:24
Xe.xe
+1
djigit90
2016-04-14 20:58:16
озгочо клип, азыркы жаштарда ушундай сонун клип тартышса болмок.
+1
Sagidko88
2016-04-14 21:40:00
Ак чолмок деп койгон жери сонун))))
+1
Sezim.A
2016-04-15 07:30:14
Бала кезибизде арноо концерттен корчуубуз ушул клипти,аябай жакшы иштешкен.
+1
sabyr86
2016-04-15 14:12:17
Атайын көрүп келдим,колунан жулуп албай эле,таап алып көтөрүптүр.ай ушу аялдар))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан