Легендарлуу ырчы Алла Пугачёва 1949-жылы 15-апрелде Москва шаарында төрөлгөн. Бала кезинен эле музыкага шыктуулугу байкалып, өзгөчө ырга жакын болгон. Мектепте окуп жүргөндө бир топ кечелерде ырдаган, бүтүрүүчү катары 1965-жылы бүткүл союздук радионун "Кутман таң" берүүсүнөн "Робот" деген ырды ырдап чыккан. Бул Алланын музыка дүйнөсүнө чындап кирип, эл арасына жаңырган биринчи чыгуусу болгон.
Мындан соң анын музыкага болгон сезими ойгонуп, Ипполитова-Иванова атындагы Москва мамлекеттик окуу жайынын дирижёр-хордук факультетинен билим алган. Көптөгөн чакан концерттерде ырдап жүргөн. 1980-жылдары "Рецитал" тобу түзүлүп, анын солисти катары бир кыйла ырлары менен эл арасында Алланын карааны алыстан көрүнө баштаган. Бул топ түзүлгөнгө чейин эле анын "Москвичи", "Новый электрон" деген ырлары калың катмарга сиңип, бул ырсыз кечелердин көркү болбой калган.
Ал эми алгачкы ийгиликтери жөнүндө айта турган болсок, 1975-жылы өткөн "Золотой Орфей" фестивалына Алла Пугачёва "Все могут короли" ыры менен катышып, баш байгени жеңип алат. Буга катар 1978-жылы "Сопот-78" деген аталыштагы сынак өткөрүлүп, мында да баш байгенин ээси болгон. Ошондон кийин Алла Пугачёва хит ырларды жаратып, атагы алыска тарап, ар кандай сынак, фестивалдарда жеңип, көптөгөн сыйлык, наамдарды багындырып, 1991-жылы "СССРдин Эл артисти" наамына арзыган.