МЕДИА-ПОРТАЛ: "Ата тилеги" клибинде кыз элдин көзүнчө ыйлай албай, жалгыз отуруп ыйлаган" дейт ырчы Баеков

“Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу клиптердин бири – Мирлан Баековдун “Ата тилеги” ырынын клиби. Көргөндө көзүңө жаш ала турган бул ырдын клиби ырчы экинчи ирет тартылгандан кийин ийгиликтүү болгонун билдирди ырчы.

“Бул клипти биз эки жолу тарттык. Биринчисин 2010-жылы жөн эле отуруп тартып койгонбуз. 2014-жылы көп аракеттерден кийин бул клип жаралды. Клипти тартканда баары эле жеңил болгон, бирок заңгыраган үй таппай кыйналганбыз. Кыздын ролун Калипа деген сулуу айым жараткан, ал эми анын кичинекей кезин менин бөлөм чагылдырган. Клиптин ыйлачу жерине келгенде Калипа элдин арасында ыйлай албай, элден бөлүнүп, клиптин продюсери Эрнис Сыдыковго ыйлап берген”,- дейт Мирлан Баеков.

"Ата тилеги" ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zoichka
2016-04-16 13:52:56
Эрнис азамат.жакшы клиптерди тартат
+1
cholponka91
2016-04-18 13:19:22
сонун клип ыйлап ыйлап эс алып калдым бугум чыгып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан