2012-жылы 15-апрелде орусиялык режиссёр, актёр, продюсер Александр Пороховщиков көз жумган. Орусиянын Эл артисти А.Пороховщиков 73 жашында узакка созулган оорудан улам Москва шаарындагы ооруканалардын биринде каза болгон. Анын жубайы Ирина Пороховщикова күйөөсүнүн абалы оорлошуп баратканын билгенде актёр экөө жашаган үйүндө 10-март күнү асынып алган. Бирок оор абалда жаткан Александр Пороховщиков жубайы каза болуп калганын билбей көз жумган.
15-апрелдин жылнаамасы.