"Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу маалымат КВН оюндарынын Эл аралык бирикмесинин сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-апрелде Москва шаарында КВН оюндарынын чейрек финалдык беттешүүсү болуп өттү. Анда бишкектик команда өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүп жарым финалга чыкты. Айта кетсек, буга чейин кыргызстандык команда финалдын 1/4 бөлүгүндө биринчи орунга чыккан. Чейрек финалдык оюнда бишкектик команда менен Москва мамлекеттик чоң циркинин курамасы, "Русская дорога" (АГПУ, Армавир) жана МФЮАнын (Москва финансы-юридикалык университети, Москва — Волгоград) курамасы менен ойномокчу.
Эске салсак, өткөн жылы “Азия Микс” командасы КВНдин Эл аралык Жогорку Лига союзунун финалына чыга албай калган. 2015-жылдын 7-ноябрында Москва мэринин кубогунда командалар "Саламдашуу", "Капитандар сынагы" жана музыкалык номер боюнча өнөр көрсөтүшкөн. Бишкектик курама “Саламдашуу” сынагында лидерлик орунда болгон, бирок кийинки сынактарда артка кеткен. Жыйынтыгында Москва мэринин кубогун жана финалга жолдомону Дагестан курамасы (Махачкала, Дагестан) жеңсе, экинчи орунду казакстандык "Спарта", ал эми үчүнчү орунду "Азия Микс" алган.