1902-жылы 17-апрелде Пишпекте Токой күнү белгиленип, Эмен сейил багынын пайдубалы түптөлгөн. Шаар жетекчилиги жана окумуштуулардын демилгеси менен уезддик борбордо Токой күнү белгиленген. Токой маселеси менен алектенген илим адамдары жана пишпектик окуучулар Эмен сейил багына эсепсиз бак отургузушкан. Анын натыйжасында азыркы борбордо орун алган ажайып сейил бактын жашыл пайдубалы түптөлгөн.