МЕДИА-ПОРТАЛ: "Бийлейли ча-ча" - Кытайда хит ырлардын бири, анын клибине күйөрмандарым тартылган" дейт Данияр Эрматов

"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлгөн клиптердин катарын Данияр Эрматовдун аткаруусундагы "Бийлейли ча-ча" ырынын клиби толуктайт. Ырчы бул ырынын клибине анын күйөрмандары тартылып, бул ыр анын жакшы көргөн чыгармаларынын бири экенин айтат.

"Бул чыгарма Кытайга барып концерт коюп келгенден кийин жаралды. Кытай жергесинде бул популярдуу ырлардын бири, бир да той ансыз өтпөйт экен. Ырдын автору мага ырдап көрүүнү сунуштап, мен макул болгом. Бишкекке келгенде клип тартуу учуру да аябай эсте каларлык болду. Клипке тартылууну каалагандарды чогултуу оор болгон жок, ага менин 500гө жакын күйөрманым келип берген. Клип тартылар күнү жамгыр жаап, эртеси мен шайлоого байланыштуу аймактарга кетүүгө аргасыз болгом. Клип бир айдан кийин ошол эле күйөрмандарымдын катышуусунда тартылган. Тилекке каршы, айрымдары укпай, келбей калган. Клипке тартылгандарга бийлегенди үйрөтүү үчүн Кытайдан атайын бийчи келген. Ал бийлегенди үйрөтүп, өзү да клипке тартылып кеткен. Азыр Кытайга барып келген тааныштарым «сен аткарган ыр ал жакта хит экен» деп күлүп калышат",- дейт ырчы мырза.

Данияр Эрматовдун аткаруусундагы "Бийлейли ча-ча" ырынын клибин бул жактан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulya21
2016-04-18 04:18:05
Азаматсыз Данияр байке чыгармачылык ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан