Футзал боюнча Суперлига алкагында өлкөнүн чемпион командалары аныкталды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 1-орунду “SRT” командасы (Ош) өлкөнүн чемпиону болду. Ал эми 2-орунду “Динамо” (Жалал-Абад), 3-орунду “Фарвартер” футболдук командалары (Бишкек) ээлешти.
"Жыйынтыктоо аземине КРнын Футбол федерациясынын президенти Ырыскелди Мусаев, Жалал-Абаддагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ардагер футболчулар жана футбол күйөрмандарынын катышуусунда жеңүүчү командалар медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары Футбол федерациясы тарабынан өзгөчөлөнгөн “Мыкты фуболчу”, “Мыкты коргоочу”, "Мыкты чабуулчу", “Мыкты дарбазачы” наамдарына татыктуу футболчулар аныкталды",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.