29-мартта борбор шаардагы М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда “Миррахимовдук окуулар” аттуу илимий конференция өтөт. Медицина кызматкерлери катышкан бул жыйын академик Мирсаид Миррахимовдун 86 жылдыгына арналып уюштурулууда. Конференцияда медицина кызматкерлерине, окумуштууларга жаңы маалыматтар берилип, медицина тармагындагы жаңы жетишкендиктер тууралуу сөз болот. Эске сала кетсек, академик Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында туулган. 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган, медицина илимдеринин доктору. Ал 2008-жылы 2-октябрда узакка созулган оорудан кийин 82 жаш курагында көз жумган.