19-апрелде 1987-жылы орусиялык теннисчи Мария Шарапова туулган. Ал Сибирдин Нягань шаарында төрөлгөнү менен, чоң тенниске аралашып, Москвага көчкөн. Көп өтпөй Мариянын бул жаатта ийгиликтүү болоруна көзү жеткен ата-энеси аны Америкада жайгашкан Ник Боллетьеринин теннис академиясына алып келишкен.
Мария Шарапова 2001-жылы профессионалдык тенниске өткөн. 16 жашында Мария Кыз-келиндер теннис ассоциациясынын эң күчтүү жаңы оюнчусуна айланган. Ошондон баштап Мариянын спорттук карьерасы өсүп-өнүгүп отуруп бир топ жеңиштерди багынткан.
Мария Шарапова теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген төрт мелдеште тең жеңишке жетишкен. Ал 2004-жылы Уимблдон мелдешин, 2006-жылы АКШнын Ачык биринчилигин, 2008-жылы Австралиянын Ачык биринчилигин, 2012 жана 2014-жылы Франциянын Ачык чемпиондугун утуп алган. "Лондон-2012" Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.