Орусиялык теннисчи, Чоң шлем түркүмүнө кирген мелдештерде 5 ирет жеңүүчү аталган Мария Шарапованын допинг колдонгону боюнча Эл аралык теннис федерациясы чечим чыгара элек. Буга карабай спортчу күн сайын ири келишимдерден кол жууп жатат. Тактап айтканда, "Nike" компаниясынын артынан унаа чыгарып келген "Porsche" компаниясы Шарапова менен келишимди бузду. Ал эми сааттарды чыгарган "Tag Heuer" компаниясы спортчу менен 2015-жылы декабрь айында аяктаган келишимди узартпай турганын жар салды.
Мария Шарапова бүгүнкү күндө Орусиядагы эң бай 8 айымдын катарына кирет. 28 жаштагы спортчунун байлыгынын көлөмү 240 миллион долларга бааланган. "Forbes" басылмасы 2015-жылы аны акыркы 10 жылдагы эң көп өлчөмдө байлык топтогон 20 спортчунун катарына киргизген. Ал кирешелеринин дээрлик 70 пайызын корт сыртында ири ишканалар менен иштешүүдө тапкан.
Кошумчалай кетсек, спортчу тапшырган допинг тесттин жыйынтыгында анын мельдоний препаратын колдонгону аныкталган. Эл аралык теннис федерациясы аны 4 жылга спорттон четтетиши мүмкүн экени айтылууда.