Бүгүн, 19-апрелде Украина менен Кыргыз Республикасынын дизайнерлери биргеликте “Эски улуттук кийимдердин жандануусу” деген мода көргөзмөсүн өткөрүшөт.
Аталган иш-чарада украиналык FOBERINI аталышындагы белгилүү кийимдер боюнча дизайнер Ирина Лимаренко жана этнокийимдердин чебери Толгонай Керимкулова эмгектерин тартуулашат. SUPER.KG порталына көргөзмөнүн уюштуруучусу Нуржан Кадыркулова билдиргендей, эки өлкөнүн чеберлеринин ар бири өздөрүнө таандык улуттук колоритти камтыган кийимдерин көргөзүшөт. “Украиналык чебердин кийимдеринде славяндык тарыхый маани камтылган оюулар түшүрүлсө, кыргыз дизайнеринин эмгектеринде улуттук кийимдер колго оюлуп тигилген”,- дейт уюштуруучу.
Аталган иш-чаранын максаты - эки өлкөнүн достугун бекемдөө, унутта калган улуттук кийимдерди заманбап стилге шайкеш келтирүү.