“Кинозал" бөлүмүндөгү терең мааниге ээ болгон кыска метраждуу тасмалардын бири - "Сагындым" тасмасы. Тасманын режиссёру – Данияр Абдыкеримов. Тасмада Азамат Арыков жана Асема Токтобекова роль жаратышкан.
“Бул тасма 2009-жылы Бишкек шаарында, жеңил эле тартылган тасмалардын бири болгон. Мен бир гана башкы каармандын ролун жаратпастан, сүрөтчү-коюучу да болгом. Мени менен чогуу жубайымдын ролун жарата турган кызды таппай, кийин Асема Токтобековага токтолгонбуз. Асема мага жеңе болуп калгандыктан, ролду толугу менен ача алган эмесмин, анткени жеңемди кучактап, өөп койчу кадрлар да болгон. Мен жараткан роль өзүмдүн купулума толгон эмес”,- дейт Азамат Арыков.
"Сагындым " тасмасын бул жактан көрсөңүз болот.