ЖЫЛНААМА, 20-апрель: Мындан 127 жыл мурун Үчүнчү рейхтин башчысы Адольф Гитлер туулган

Мындан 127 жыл мурун, 1889-жылы 20-апрелде 2-дүйнөлүк согуштун башкы уюштуруучусу, Үчүнчү рейхтин башчысы Адольф Гитлер Австриянын Браунау-на-Инне шаарчасында бажы чиновнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал орто мектепти аяктагандан соң Вена көркөм академиясына эки жолу тапшырган, бирок анысы ийгиликсиз болгон. 1914-жылы Гитлер Бавария аскерине ыктыярчылардын катарына полктун байланышчысы болуп кирген. Батыш фронтто төрт жыл болуп, эки жолу жаракат алган. Каармандыгы үчүн 1-2-класстагы Темир Крест менен сыйланган жана ефрейтор наамын алган.

Гитлер согуштан кайтып келгенден кийин, 1919-жылы Мюнхенде "Немис жумушчу партиясына" кирет. Кийин аны башкарууну өз колуна алганда ал партиянын атын "Улуттук-социалисттик Германиянын жумушчу партиясы" деп өзгөртөт. 1923-жылы 8-9-ноябрда Мюнхенде төңкөрүш жасоону баштап, өз партиясынын бийлигин бүт Германияга орнотуу үчүн Берлинге аттанууну көздөгөн. Бирок козголоңчулардын аракети ишке ашпай, 9 улутчул каза болгон. Гитлер кармалып, 5 жылга кесилип, Ландсберг түрмөсүндө бир жыл отурган. Ошол учурда ал өзүнүн "Менин күрөшүм" аттуу мемуарын жазып, анысы улутчул-социалисттик кыймылдын "Библиясы" болуп калган. Фюрер дүйнөгө үстөмдүк кылуу боюнча “Улуу германиялык раса” теориясын жазган. Төмөнкү еврей расасы Германия элинин душманы катары көрсөтүлүп, алар жок кылынууга тийиштигин айткан.
1924-1928-жылдары Гитлер НСДАПты адегенде Баварияда, анан массалык жалпы германиялык уюмга айланта алган. 1933-жылы 30-январда Гинденбургдун президенти Гитлерди эң ири партиянын лидери катары Рейхстагга канцлер кылып дайындаган. 1934-жылдын 2-августуна чейин өзүнүн пландарын ишке ашырып отуруп, президенттин өлүмүнөн соң Гитлер канцлер менен президенттик постту бириктирип бийликти колго алган. Башкы бийлик фюрер титулун берип, ал бир гана НСДАПтын башчысы эмес, бүткүл Германиянын башчысы болгон. Гитлер Германиянын ремилитаризациялоосун ишке ашырып, Рейхстагдан өзгөчө тапшырма алып, согушка даярдана баштаган. Германияда тоталитардык режим орногон.
Гитлер 1935-жылы Версал келишиминдеги курал чыгарууга коюлган чектөөлөрдөн баш тартып, аскердик авиация, суу астындагы флот, линкор түзө баштаган. 1939-жылы 23-августта Гитлер СССР менен кол салбоо боюнча келишим түзүп, анда эки тоталитардык империянын арасындагы Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү жана Польша бөлүктөрү да каралган. Англия, Франция 3-сентябрда Германияга согуш ачкан, бирок Батыш фронтто анча деле активдүү аракет жүргүзүшкөн эмес. 1940-жылы фюрер Францияны талкалаган, 1941-жылы 22-июнда Советтер Союзуна кол салган. Ушундан кийин массалык түрдө улутчулдар еврейлерди кыра башташкан. Каза болгондордун саны 6 миллионго чейин жеткен.
1945-жылы Рейхтин абалы өтө начарлап, Гитлер Берлинде калып, советтик аскерлер рейхканцелярияга бут койгондо өзүнүн жанын кыюуну ойлогон. Ал 1945-жылы 30-апрелде аялы Ева Браун менен чогуу атынып өлгөн. Гитлердин керээзи боюнча, аялы Ева Браун экөөнүн сөөгү өрттөлгөн. Алардын сөөгүнүн күлү “Смерш” офицерлери тарабынан табылып, 1970-жылдары түп орду менен жоготулган.

20-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Neymarf
2016-04-20 13:26:45
Дуйнодо бир нече окуянын так дали жок, ал Чынгызхандын алтыны, суу астында калган элдорадо шаары, Атлантика океанындагы Бермуд уч бурчтугу жана Гитлердин олуму, аларды жалгыз Аллах гана билет!
0
admin_portal
2016-04-21 10:15:19
jetinur90, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлорго тыюу салынган! Эскертүү!
0
bond0202
2016-04-21 11:18:11
туулбай деле койбоптур
0
admin_portal
2016-04-22 09:56:49
jetinur90, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан