ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: Мындан 53 жыл мурун кытайлык актёр Жет Ли төрөлгөн

Мындан 53 жыл мурун, 1963-жылы 26-апрелде кытайлык актёр Жет Ли Пекин шаарында туулган. Жет Ли 8 жашка чыкканда классы менен чогуу ушу сабагына катышып калып, ал Жет Лиге чоң таасир калтырган. Жарым жылдан кийин Жет Ли мектепти таштап Пекиндеги ушу академиясына тапшырган. Үч жыл ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Ли бул тармакта Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнө­лүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.

Жет Лиге 1982-жылы тасмага тартылуу сунушу келип түшкөн. Буга макул болгон Ли "Шаолинь чиркөө­сү" аттуу сериалда башкы каармандын ролун жогорку деңгээлде аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадамын таштаган. Ушул кинодон кийин Жет Ли Кытайдагы эң атактуу актёр катары таанымал болгон. Роль жаратуудагы эң тез кыймылдары үчүн Ли "Жет" деген атка конгон. "Жет" – бизче "тез, ылдам" дегенди түшүндүрөт.
Өз мекенинде жана жалпы эле Азия өлкөлөрүндө 25тен ашык тасмаларда роль жараткан соң Жет Ли дүйнөнү багындыруу максатында Голливудга сапар алат. 1998-жылы актёрдун катышуусунда англис тилиндеги "Өлүм куралы-4" деп аталган жаңы тасма жарыкка чыгат. Андан көп узабай эле Американын белгилүү режиссёрлорунан жаңы тасмаларга тартылуу сунуштары түшө баштаган. Жыйынтыгында "Ромео өлүшү керек", "Ажыдаардын өпкөнү", "Бешиктен чыгып мүрзөгө" деген сыяктуу белгилүү кинолор жарык көргөн.
Жет Ли Кытайдын киноактёрлорунун арасында эң көп гонорар алган тажрыйбалуу аткаруучу катары да таанымал болгон. 13 миллион долларды түзгөн бул рекордду актёр "Полк башчылары" фильминдеги ролу үчүн алган.
26-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdurahman
2016-04-26 16:55:17
респект
+3
eldar.
2016-04-26 16:59:13
Мен баалаган актер. Кайталангыс талант.
+2
Kunbeken
2016-04-26 18:45:24
eldar.,кошулам. мен суйгон акткер
0
Bazana
2016-04-26 18:50:02
Омоой мен аны 35жаштарда деп ойлогом аксакал турбайбы почти
0
bond
2016-04-26 20:45:40
Экообуз бир кундо туулупбуз да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан