Португалиялык жана испаниялык деңиз саякатчысы Фернан Магеллан Филиппиндин Мактан аралында каза болгон. Ал эң алгачкылардан болуп дүйнөнү айланып чыккан экспедициянын башында турган. Магеллан 1520-жылдын 21-октябрында Атлантика менен Тынч океандарынын ортосундагы кысыкты ачкан. Ал эми 1521-жылдын 28-мартында биринчилерден болуп филиппиндик аборигендер менен байланыш түзгөн.
Магеллан 1480-жылы Португалияда туулуп, 1521-жылы көз жумган. Ал испаниялык башкаруучулардын желеги астында Филиппин аралдарын каратып алуу үчүн аттанган топтун башында турган. Жергиликтүү башкаруучу испаниялыктарга моюн сунбай, каршы чабуул уюштурган. Испаниялыктар анда аралга жакындай албай, өз кубаттуулугун көрсөтө алышкан эмес. Испаниялыктар артка чегинип баштаганда Магелландын жан бергени аныкталган.