ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Сулуулугу менен көпчүлүктүн арзуусуна, кумирине айланган америкалык актриса Жессика Альба 35 жашка толду

1981-жылы 28-апрелде америкалык актриса Жессика Альба төрөлгөн. Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн Жессика 5 жашында эле актриса болууну чечкен. 12 жашка чыкканында актёрдук курстарга барып, бир жылдан соң “Адашкан лагерь” фильминдеги биринчи ролуна ээ болгон. Алгач актрисаны жөн гана "массовкага" кошуп тартып жатышкан. Башкы ролду ойноочу кыз кокусунан ооруп калганда Жессти таланттуу болгону үчүн эмес, чачынын өңү башкы каармандыкына окшош болгондугу үчүн гана бул ролго тандап алышкан.

Жессика 14 жашында күтүүсүз кырсыкка кабылат. Аны “Флиппер” сериалына тартылып жатканда уурдап кетишкен. Жессика Альбанын ата-энеси киши уурдоочулар талап кылган чоң өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алышкан эмес. Бактыга жараша, кызды кокусунан эле машинанын арткы жүк салган жеринен таап алышкан. Ал эми кылмышкерлер болсо ошол боюнча дайынсыз бойдон калышкан. Жессика Альба табылгандан кийин бул кылмыш гезиттерге жарыяланып, кызга болгон көңүл буруулар көбөйөт. Натыйжада актриса “Беверли-Хилз, 90210” сериалына тартылат. Көп өтпөй эле Жеймс Камерондон “Кара периште” тасмасына тартылуу сунушу түшөт. Бул тасмалардан соң Жессика Альба эл оозуна алына баштайт да, 2001-жылы ал “Эң ысык 100 кыз” тизмесинде биринчиликке ээ болот. Кийин ал АКШдагы эң сексуалдуу делген айымдардын катарынан орун алган.
Актриса 1994-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта жалпысынан 50гө чукул тасмада роль жараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suigonu.
2016-04-29 21:29:56
жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан