ЖЫЛНААМА, 29-АПРЕЛЬ: Паркур спортун негиздегендердин бири, “13-район” тасмасы аркылуу таанылган Белль Давид 43 жашка толду

1973-жылы 29-апрелде франциялык актёр Белль Давид жарыкка келген. Фекан шаарында туулган Белль 13 жашында мек­тепти таштап, спорт дүйнөсүнө толугу менен кирип кеткен. 15 жашында кунг-фу боюнча кара кур алуу максатында Индияга жөнөйт. Ал жактан аталган спорттун түрүн мыкты үйрөнүп, мекенине кайтып келет. Кийинчерээк ал дубалдарга чыгуу, бийиктиктен секирүү, тоскоолдукту ашып өтүүнү камтыган паркур спортун негиздеген.

Беллдин кино тармагына аралашып калганы кокустук десек болот, себеби ал жарнамалык түрмөккө тартылып, режиссёрлордун назарын бурган. Жыйынтыгында ал тартылган бир катар тасмалардын ичинен “13-район” тасмасы мыкты болуп, актёр элге таанылган.

29-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан