Мындан 130 жыл мурун, 1886-жылы америкалык жумушчулар 1886-жылдын 1-май күнү 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышкан. Акция полиция тарабынан күч менен басылып, кан төгүлгөн. II Интернационалдын 1889-жылы өткөн Париж конгрессинде Чикаго жумушчуларын эскерүү максатында ар жылдын 1-май күнү демонстрация уюштуруу чечимин кабыл алынган.
Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австро-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө белгиленген.
1-майдын жылнаамасы.