Америкалык актёр Дуэйн Жонсон 1972-жылы 2-майда АКШнын Калифорния штатындагы Хэйворд шаарында туулган. 1996-жылдан 2004-жылга чейинки аралыкта ал рестлер катары өнөрүн тартуулаган.
Ал 2001-жылдан тарта тасмаларга тартыла баштаган. 2002-жылы "Чаяндар падышасы" тасмасында жараткан ролу үчүн 5,5 миллион доллар өлчөмүндө гонорар алган. Бул сумма алгачкы башкы роль үчүн төлөнгөн эң ири гонорар катары "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген.