ЖЫЛНААМА, 3-МАЙ: Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү

3-май 1993-жылдан тарта Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү катары белгиленет. Бул чечим Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген.
3-майды Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү деп белгилөө 1991-жылы Африкадагы басылмалардын плюрализмин жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча ЮНЕСКО менен БУУнун Намибияда уюштурган семинарындагы "Виндхук декларациясында" жактырылган.
Бул күнгө байланыштуу кыргыз өлкөсүнүн журналисттери 2002-жылдын 3-майында майрамга шайкеш "Бишкек декларациясына" кол коюшкан. Документте Кыргыз Республикасында эркин басылмалардын саны көбөйүп, демократиялык принциптер сакталды делгени менен, алар толук эркин абалга жете электиги белгиленген.
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Бишкекте журналисттердин тилектештик акциясы өтүп, Журналисттер аллеясына көчөттөр отургузулду. Мындан тышкары журналисттердин кесиптик тилектештигин бекемдөө жаатында пикир алмашуу болду. Аталган иш-чарага өлкөдөгү басылмалардын 20дан ашык өкүлү катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан