ЭЛДИК КАБАР: Аксынын Жерге-Тал айыл аймагынын тургундары бензин менен жүрүүчү тракторду жасап чыгышты

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын тургундары бензин менен жүрүүчү тракторду жасап чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"ЗИЛ-130 жана жүк ташуучу ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин чогултуп, трактор жасап чыгышты. Кубаттуулугу ЗИЛ унаасынын күчү менен барабар, анткени тракторго коюлган мотор ЗИЛ-130 унаасынын мотору. Ал эми мост ГАЗ-53кө таандык. Жасалган трактор жер айдап, жүк ташыганга ылайыкташкан. Айылдык уста бир жарым жыл аралыгында жасап чыккан. Эң кызыгы, трактор бензин менен жүрөт", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bakan
2016-05-03 11:41:51
Мм жакшы экен жердештер азаматсынар.
0
Мэри
2016-05-03 11:54:06
Колу билет деген ушу да, жоктон бар кылып...
0
marat88
2016-05-03 12:58:43
азамат
0
A3A
2016-05-03 13:53:13
Ийгилик!
0
bolotbek91
2016-05-03 14:54:00
жакшы бирок бензин менен расход кобуроок болотко дейм зилдин мотору коп расход кылатда трактордун моторуна караганда азамат экен
0
Abdurahman
2016-05-03 15:23:46
жакшы нересе экен бирок дизел менен жургондо экономдуу болот эле
0
Beksultan-007
2016-05-03 17:18:11
Жылдан жылга мода бп баратат чогултуп чыгармай. Мыйзам боюнча тосколдук болбойбу
-1
Kroxa
2016-05-03 21:40:03
Мыйзамга тоскоолдук кылат документи жок бирок шаарга барбаса айыл-чарбасын кылып журо берет эгер окмот салык салбаса короалбай,,,молодцы,,,
0
Muslima.aksy
2016-05-04 11:42:46
Эх Аксы жерим, элим бар бол!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан